Токмокто жүрөк үшүн алган жол кырсыктан дагы бир адам каза болду. 4 киши реанимацияда жатат

Кечээ, 18-январда Токмокто жүрөк үшүн алган жол кырсыгы катталганы маалым болгон. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан маалымат беришип, 1 адам каза болгонун, 5 адам жабыркаганын айтышкан.

Бүгүн, 19-январда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Токмок шаардык ооруканасынын жетекчиси менен байланышканыбызда, ооруканада дагы бир адам каза болгонун билдиришти. Маалыматка караганда, 1953-жылы туулган жаран каза болгон. Андан тышкары 12 жаран жаракат алып кайрылган. Жабыркагандардын арасынан 4 адам жандандыруу бөлүмүндө жатканы маалым болду.