Токмокто келин баласын эмизип жатып уктап калган. Ымыркай думугуп, чарчап калды

Кечээ, 14-октябрда Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2021-жылдын август айында төрөлгөн ымыркайдын чарчап калганы туралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Тергөө тобу окуя болгон жерге барып териштирүү учурунда ымыркайдын 33 жаштагы энеси көрсөтмө берген. Анын айтымында, баласын эмизип жатып уктап калып, ымыркай думугуп калган. Аталган окуя каттоого алынып, Жазык кодексинин 135-беренесинин (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ымыркайдын жансыз денеси Токмок шаарынын өлүк кармоочу жайына жеткизилди жана өндүрүш иши боюнча тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.