Токмокто кулаган учак. Бирөөнүн абалы оор

Кечээ, 20-октябрда Токмоктогу жеке менчик аэродромдо учак кулаган. Кулаган “Бристоль” эки орундуу учакта авиаучилищанын курсанттары болгон. Алар ооруканага жеткирилген.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен жабыркагандардын абалын айтышты. Маалыматка караганда, 2000-жылы туулган жарандын абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми 1995-жылы туулган жарандын абалы орто оор. Экөө тең Улуттук госпиталда жатышат.