Токмокто мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

Токмок шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

2 кабаттуу бала бакчанын имараты 1996-жылы жеке жактарга мыйзамсыз берилип кеткен. Базар баасы 920 миллион сомду түзгөн бакча эми мамлекеттин балансына өткөнү айтылды.