Токмокто мыйзамсыз сатылып жаткан алкоголь жана тамекинин ири партиясы аныкталды

Токмок шаарында мыйзамсыз сатылып жаткан алкоголь жана тамеки продукцияларынын ири партиясы алынды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Токмок шаарындагы борбордук базарда өткөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө тамеки жана алкоголь продукцияларын мыйзамсыз сатуу фактыларын аныкташты. Жыйынтыгында күмөндүү акциздик марка менен жана коштомо документтерсиз 6 миңден ашык бөтөлкө алкоголь, акциздик маркасы жок 1 миң 560 таңгак тамеки тартып алынды. Ишкердик субъекттерге карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.