Токмокто сабалган дарыгер. Милиция шектүү кыз тууралуу маалымат берди

Кыргызстандын медициналык профсоюзунун төрайымы Бермет Барыктабасова социалдык тармактагы баракчасына медициналык кызматкерлер зомбулук көрүп жатканын жазып, видео менен бөлүштү.

«Мына райондук оорукананын нөөмөттөгү дарыгерин муунтуп сала жаздашты. Эмне деген уят сөздөр айтылганын жарыялабай эле коеюн. Көпчүлүк бейтаптар мас абалында түшүшөт, бирок мас абалында кылмыш кылуу менен өзүн актоого болбойт», — деп жазган ал. 

Чүй облустук милициясы окуя тууралуу маалымат берди. Маалыматка караганда, дарыгерди сабаган кыз киши аныкталып, милицияга жеткирилген. Териштирүүнүн жүрүшүндө 19-августта Чүй ОИИБге 1997-жылы туулган жаран кайрылып, ошол эле күнү таңкы саат 04:00 чамасында Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө аны сабап, денесине залал келтирген жаранга чара көрүүнү суранганы аныкталган. Бул факты боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон.

«19-августта саат 01:00 чамасында Чүй облустук ооруканасына 2003-жылы туулган жаран алкоголдук интоксикация диагнозу менен түшкөн. Саат 04:00 чамасында ал эсине келип, ооруканадан кетүүнү чечкен, бирок дарыгер кыздын туугандары келмейин кетүүгө болбой турганын айтканда, дарыгерди сабап, кетип калган. Жаран милицияга жеткирилди. Тергөө уланууда», — деп айтылат маалыматта.