Токмокто үч мектеп окуучусуна чагылган түшкөн. Бирөөсү көз жумду

Токмокто үч мектеп окуучусуна чагылган түшкөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бир окуучу ошол жерден каза болуп, дагы эки окуучу ооруканага жеткирилген. «Алар жандандыруу бөлүмүндө, абалдары дарыгерлер тарабынан туруктуу деп бааланууда», — деп айтылат маалыматта.