Токмокто үрөй учурган жол кырсыгы катталып, 8 адам көз жумду (видео)

Кечээ, 27-майда Токмокто жол кырсыгы катталып, 8 адам көз жумду. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа Нарын облусунан Бишкек шаарын көздөй бара жатып, 78-чакырымдан каршы тилкеге чыгып, Манипулятор унаасы менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаадан 8 жаран окуя болгон жерден көз жумган.