Токмокто зордукталып, төрөгөн 13 жаштагы кыз. Сот шектүүгө өкүм чыгарды

Токмокто 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран 15 жылга эркинен ажарытылды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-июнда Чүй облустук сотунун өкүмү менен Токмок шаардык сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган. Ал эми шектүүнү шаардык сот 15 жылга эркинен ажыраткан.

Буга чейин, Токмокто 13 жаштагы зордукталган кыз төрөгөнүн  укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирген. Анын айтымында, 2017-жылдын ноябрь айында өспүрүм кошунасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган. 2019-жылдын май айында жабырлануучунун апасы кызынын боюнда бар экенин билген. Шектүү тукумсуз болгондуктан, андан боюна бүтө албай турганын айткан. Бирок эксперттик комиссия эркектин тукумсуздугу диагнозун жокко чыгарган.

Өз кезегинде айыпталуучунун жактоочусу Москвадагы клиникалардын биринде ДНК-экспертизасын өткөрүү боюнча арыз жазган. Москвада жүргүзүлгөн ДНК-изилдөөнүн жыйынтыгы бала аныкы экенин тастыктаган. Атасы болуу ыктымалдыгы 99,9999 пайызды түзгөн.