Токмоктогу базарда 120 миң сомун уурдаткан аксакалдын ооруп жатканы маалым болду

Токмоктогу базарда 120 миң сомун уурдаткан аксакалдын ооруп жатканы маалым болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булак аксакалдын уулуна шилтеме берүү менен билдирди.

«Уулу атасынын окуядан кийин ооруп жатканын айтты. Ошол жерден эл «атанын акчасын уурдап кетиптир» деп акча чогулта башташыптыр. 115 миң 500 сом жарым саатка жетпей чогулуп калды. Азыр атанын абалы жакшы эмес», — дешти редакцияга.

Кечээ, 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктун мал базарында ашка жылкы алганы барган карыянын 120 миң сомун уурдап кетишкени тууралуу видео тараган. Чөнтөкчүлөрдү аксакал байкабай да калган. Айласын таппай турган карыяны көргөн жарандар ошол жерден акча чогулта башташкан. Алар 115 миң 500 сом чогултуп беришкен.

Милиция ууруну кармай элек.