Токмоктогу жол кырсыгынан бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү каза болду

Кечээ Токмокто жүрөк титиреткен жол кырсыгы орун алганын, анда эки унаанын кагышуусунан 7 адамдын набыт болгонун маалым кылганбыз. Кийинчерээк ооруканага жеткирилген бир адам каза болуп, кырсыктан жалпы 8 кишинин өмүрү кыйылды.

Volkswagen Vento үлгүсүндөгү унаада каза болгондор Ысык-Ата районуна караштуу Нурманбет айылынын тургундары, алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгондугу айтылды. Үй-бүлөнүн кожоюну, анын жубайы, уулу,  келини, андан сырткары унаада неберелер да бар болгон. Алардын ичинен эч бири аман калган эмес. Кырсык катталган күнү алар тойдон кайтып келе жатышкан. Кагышкан экинчи Kia K5 үлгүсүндөгү унаадан 2 жүргүнчү каза болгон, айдоочусу жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, Volkswagen Vento үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол ортосундагы тосмого карабай, каршы тилкеге чыгып айдап, Kia K5 үлгүсүндөгү жеңил унаа менен кагышкан.