Токмоктогу жүрөк үшүн алган жол кырсыктан айдоочу менен жүргүнчү көз жумду

Токмоктогу айланма жолдо катталган жүрөк үшүн алган жол кырсыктын видеосу тараган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан маалымат беришти.

29-март күнү саат 13:10 чамасында “Бишкек-Нарын-Торугарт” айланма унаа жолунун 54,800 чакырымынан Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаасы күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жатып, жолдун оң жагында токтоп турган оор жүк ташуучу DAF XF105.460 үлгүсүндөгү унаасын сүзгөн.

Жол кырсыктын кесепетинен айдоочу жана бир жүргүнчү көз жумган. Азыркы учурда жол кырсыгы болгон жерде Ысык-Ата РИИБ жана ЖКККБнын кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүүдө.