Токмоктогу мал базарда 120 миң сомун уурдатканын айткан аксакал милицияга арыз менен кайрылган эмес

Чүй ОИИБден СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Токмоктогу мал базарда ашка жылкы алам деп барып, 120 миң сомун уурдатып жиберген аксакалдын иши боюнча маалымат беришти.

«16-октябрда интернетте аксакалдын видеосу тараган. Кайрымдуу боорукер кыргыз жигиттери ошол жерден 500-1000 сомдон акча чогултуп бергени да айтылган. Болгон окуя боюнча Токмок ШИИБге жана ошол жерде кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине эч ким, эч кандай маалымат жана арыз менен кайрылган эмес. 16-октябрда саат 18:02де Токмок ШИИБге катталып тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Учурда Токмок ШИИБдин кызматкерлери тарабынан ошол учурдагы күбөлөрдү аныктоо жана шектүү адамдарды кармоо боюнча иш чаралар жүрүп жатат.

Ошондой эле Токмок ШИИБдин кызматкерлери тарабынан акчасын уурдаткан аксалдын аты-жөнү аныкталып, ал 1943-жылы туулган жаран болуп чыккан. Азыркы учурда жабырлануунучу тараптан арыз жазылган эмес. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — дешти.