Токмоктогу мал базарда аксакалдын 120 миң сомун уурдоого шектүү кармалды (сүрөт)

Токмоктогу мал базарда аксакалдын 120 миң сомун уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектелип 1983-жылы туулган Токмок шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал келтирилген 120 миң сом чыгымды милицияга кайтарып берген. Ага уурулук беренеси боюнча айып тагылган. Тергөө уланууда.

16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктун мал базарында ашка жылкы алганы барган карыянын 120 миң сомун уурдап кетишкени тууралуу видео тараган. Чөнтөкчүлөрдү аксакал байкабай да калган. Айласын таппай турган карыяны көргөн жарандар ошол жерден акча чогулта башташкан. Алар 115 миң 500 сом чогултуп беришкен.