Токмоктогу мал базарда ашка жылкы сатып алам деген карыянын 120 миң сомун уурдап кеткендер изделүүдө

Кечээ, 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктун мал базарында ашка жылкы алганы барган карыянын 120 миң сомун уурдап кетишкени тууралуу видео тараган. Чөнтөкчүлөрдү аксакал байкабай да калган. Айласын таппай турган карыяны көргөн жарандар ошол жерден акча чогулта башташкан. Алар 115 миң 500 сом чогултуп беришкен.

Чүй ОИИБ уурулукка шектелгендер изделип жатканын билдиришти. «Бул факты Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталды. Учурда жогоруда көрсөтүлгөн карыянын акчасын уурдаган кылмышкерлерди таап мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат», — дешти милициядан.