Токмоктогу мечитте садака кутучасынан акча уурдаган делип 31 жаштагы киши кармалды (видео)

Ушул жылдын август айында социалдык тармактарда белгисиз эркек киши Чүй облусунун Токмок шаарындагы мечиттен садака кутусунан акча уурдаганын көрсөткөн видео материал жарыяланган. Анын уурулугу видеокөзөмөл камерасына тартылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Аталган факты Токмок ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 200 (уурдоо) беренеси боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып келинген.

Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын алкагында, Чүй ОИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери жана Токмок ШИИБдин кызматкерлери жогорудагы кылмышка шектүү катары 31жаштагы жаранды аныктап, ички иштер бөлүмүнө жеткирип, тергөө кызматына өткөрүп беришти. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Чүй облусунда жана Республиканын башка региондорунда ушул сыяктуу башка дагы уурулук фактыларына тиешеси бар экени аныкталууда. Бардык фактылар боюнча текшерүү иштери башталды. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.