Токмоктогу өрттөнгөн үйдө Куран китеп күйгөн эмес (видео)

21-августта кеч курун Токмокто үй өрттөнүп, 6 бала көчөдө калган.

Үйү өрттөнгөн 35 жаштагы Алтынбек Жумаевдин айтымында, кырсык учурунда алар үй-бүлөсү менен 4-5 чакырым алыстыкта жашаган таенесинин ден соолугун суроого кетишкен. «Жолдон эле кошуналарым чалып, үй өрттөнүп жатканын айтышты. Өрт электр зымдарынын чыңалуусунан чыккан экен. ӨКМ келип, өрттү өчүрүп беришти. Жубайым экөөбүздүн 6 балабыз бар. Алар 17, 12, 10, 8, 4 жана 3 жашта. Балдар учурда 1 бөлмөдө жашаган таенемдин жанында болуп жатышат. Жашаганга жерибиз жок калдык. Азыр кошуналар жардам берүүдө. Үйдүн дубалын тазаласак, четинен урап жатат. Жаңы үй салыш керек дешти. Биз көп балалуу үй-бүлө катары каттоодо турабыз. Үй салганга өзүбүздүн шарт жок болуп, жардам суроого муктажбыз», — деген ал.

Бүгүн, 23-августта редакция алардан кабар алуу үчүн байланышканыбызда, жардам берип жаткандар болуп жатканын айтып, үйдөгү Куран китеп күйбөгөнүн тастыктады. «Ооба, күйбөптүр. Үйдө турат», — деди ал.

Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!

Биздин Телеграм канал: @serepkg