Токмоктун «кароочусу» кармалды. Ал ишкерден 5 миң доллар талап кылууга шектелүүдө (видео)

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, Токмок шаарынын «кароочусу» деп аталган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, бир нече жолу соттолгон, “Токмок шаарынын кароочусу” деп катталган жаран жеке ишкерден 5 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап алуу фактысы боюнча кармалды. Шектүү физикалык басым жасоо жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучу аркылуу унааларды тейлөө чөйрөсүндөгү ишкерден туруктуу негизде акча талап кылып алып турганы аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ал 1 миң доллар талап кылып, алып жаткан жеринен кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.