Токмоктун мэри Урмат Самаевдин кармалганы айтылууда

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев кармалганын жергиликтүү ЖМКлар жазышты. Маалыматка караганда, ал УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалды.

Маалыматты журналисттерге Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова тастыктаган. Анын айтымында, Токмок муниципалитетинде текшерүү үч жумадан ашык убакыттан бери жүрүп жаткан. 

УКМК азырынча бул тууралуу маалымат бере элек.