Токмоктун мэри Урматбек Самаев камакта калтырылды

УКМК тарабынан кармалган Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин бөгөт чарасы каралып, камакта калтырылды. Октябрь райондук соту аны 1-июнга чейин камакта калтырды.

Урматбек Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталган. Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган.