Токмоктун мэри Урматбек Самаевдин кармалганын УКМКдан ырасташты

Токмоктун мэри Урматбек Самаевдин кармалганын УКМКдан ырасташты.

«УКМК тарабынан Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталды. Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган.

17-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Токмок шаарынын мэри кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат», — дешти.