Чүй облусунун Токмок шаардык соту жаранга карата өкүм чыгарды. Чечимде айтылгандай, ал чагым жараткан билдирүүлөрү үчүн соттук ишке туш болгон.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 18-октябрында ал Instagram баракчасынагы тарыхча бөлүмүнө билдирүү жарыялап, мамлекеттик айыптоо муну менен ал улуттар аралык кастыкка чакырды деп эсептеген. Сотто ал күнөөсүн мойнуна алып, бирок эч кимди таарынткысы келбегенин белгилеген. Айыпталуучу өз аракети үчүн кечирим сураган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү («расалык, этностук, улуттук, диний региондор аралык кастыкты козутуу») менен күнөөлүү деп табылып, 100 миң сом айып салынды.