Токтогул ГЭСинде катардагы жоокер атылып, каза болду. Шектүү качып кеткен

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Кара-Көл шаарындагы 7706 аскер бөлүгүнүн №1 кароолундагы (Токтогул ГЭСи) катардагы жоокер өзү менен бир чакырыктагы жоокерди бирге кызмат өтөп жаткан учурда атып алган окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бүгүн, 20-ноябрь күнү саат 05:50 чамасында кароолдо 2002-жылы туулган катардагы жоокер жанындагы жоокерди атып алган. Алган жарааттан улам 2003-жылы туулган жоокер ошол жерде каза болгон.

Болгон окуядан кийин катардагы жоокер бекитилген куралы менен кароол жайын таштап, белгисиз жакка качып кеткен. Ички аскерлердин аскер кызматкерлери милиция кызматкерлери менен биргеликте качып кеткен жоокерди издөө боюнча иштерди алып барууда.

Тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.