Токтогул ГЭСте кызмат өтөп жатып, шеригин атып качып кеткен жоокер кармалды

Токтогул ГЭСте кызмат өтөп жатып, шеригин атып качып кеткен жоокер кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бүгүн, 21-ноябрда саат 16:00 чамасында Токтогул ГЭСинин каскадында күзөттө кызмат өтөп жатып, катардагы жоокерди атып качып кеткен шектүү кармалды. Аны кармоого Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги жана атайын түзүлгөн тергөө-ыкчам тобу, УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкерлери катышып, алар тарабынан жоокердин Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак-жайлардын биринин чатырында жашынып жаткан жери аныкталып, сүйлөшүү жолу менен колго түшүрүлдү. Качып кеткен жоокердин жанынан куралы да алынды.