Токтогул райондук жалпы медициналык практика борборунун башкы эсепчиси кармалды

Токтогул райондук жалпы медициналык практика борборунун башкы эсепчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

2022-жылдын май айында жогоруда аталган борбор компьютердик кызмат көрсөтүү боюнча тендер жарыялап, анда Н.Т.О. аттуу жаран жеңүүчү деп табылган. Токтогул райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун башкы эсепчисине аткарылган иштери боюнча отчет берилсе дагы, ал 24 миң сом өлчөмүндө «бөлүшүү» акча каражатын талап кыла баштаган.

9-августта көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында башкы бухгалтер кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө жана Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинде каралган кылмышты жасаган деген шек менен УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүрүп жатат.