Токтогул районунда баңгизат сатуу менен алектенген жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда баңгизат сатуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Буга чейин ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарды жайылтып жүргөндөр жөнүндө маалымат алышкан. Алар сатып алуучуларды издеп жаткандыгы жөнүндө дагы белгилүү болгон. Бул факт марттын башында бирдиктүү реестрге катталып, «Сатуу максатында баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш  башталган.

Тыкыр иликтөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 50 жаштагы тургуну М.Н. аныкталган. Ал алгач марттын башында 54,21 грамм гашиш менен колго түшкөн. Экинчи жолкусунда андан ширенкенин кутучасы түрүндөгү 20 брекеттелген зат табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган зат 226,11 грамм салмактагы каннабистин чайыры (гашиш) болуп чыкты. Шектүүдөн жалпысынан 280 грамм гашиш алынды. Азыркы учурда иликтөө уланып жатат.