Токтогул шаарынын мэри жана уулу кармалды. Кылмыштын чоо-жайы

Токтогул шаарынын мэри кен байлыктарды басып алууну жана аны мыйзамсыз иштетүүнү уюштурганы, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Шаар башчысы тарабынан Токтогул районунун аймагындагы кварц кенин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, рейдерлик жол менен басып алууну уюштуруу фактысы аныкталды. 2022-жылы мэр жогоруда аталган кен жайгашкан жердин айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда, менчик ээсине кварцты биргелешип иштетүүнү жана сатууну сунуштаган. Ээси тараптан баш тартууну алган шектүү белгисиз адамдарды тарткан. Анын ичинде “Дөө Чыңгыз” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобунан Токтогул шаарынын “байкоочусу” болом деп өзүн тааныштырган жаран да болгон. Андан соң жогоруда аталган адамдар күч колдонуп, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө коркутуу жолу менен жеке ишкерди аларга ишкананын 50 пайыздык үлүшүн өткөрүп берүүгө мажбурлашып, шектүүнүн уулунун атына каттатып коюшкан. Андан кийин аталган жерде кварцты мыйзамсыз казып сатуу иштери жүргүзүлүп, андан түшкөн кирешени аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү менен биргеликте Токтогул шаарынын мэри алып турган.

Ошону менен бирге өндүрүш экологиялык жана техникалык талаптарды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, анын кесепетинен мамлекетке 74 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Токтогул шаарынын мэри, анын уулу, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.