Токтогулда 100 миң сомго 5 килограммдан ашык гашиш сатып жаткандар кармалды

Токтогул районунда 5 килограммдан ашуун баӊгизатты сатууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

9-апрель күнү милицияга Токтогул районунда Кылыч аттуу жаран баңгизатын сатып жана сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшүп катталган. Бул маалымат боюнча 12-апрель күнү Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 13-апрель күнү кылмыш иши боюнча Токтогул районунун Кылыч аттуу жарандан 1600 сомго 70 грамм гашиш баңгизаты сатып алынган. Ошондой эле, 14-апрель күнү жогоруда көрсөтүлгөн жаран шарттуу сатып алуучуга 2000 сомго 110 грамм гашиш баңгизатын экинчи ирет саткан. 16-апрель күнү Токтогул районунун Бишкек-Ош жолунда жайгашкан май куюучу жайынын жанында Токтогул районунун тургундары 2001-жылы туулган жаран менен 1990-жылы туулган жарандар 100 миң сомго 5 килограмм 360 грамм гашиш сатып жаткан жеринен кармалышты. Баңгизаттын салмагы 5 килограмм 540 грамм болгон. Тергөө уланууда.