Токтогулда 13 жаштагы кызды бир нече жолу зордуктаганга шектүү 8 жылга эркинен ажыратылды

22-мартта Токтогул райондук соту тарабынан Токтогул шаарынын 26 жаштагы тургуну 13 жашар кызды азгырганы үчүн 8 жылга эркинен ажыратылган. Жабыркаган кыздын кызыкчылыгын Жалал-Абаддагы “Адилет” укук коргоо уюмунун адвокаты Равшан Абдуллаев коргогон. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Райондук сот шектүүнү Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (он алты жашка чыга элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Сот ошондой эле соттолгондон 184 миң 500 сом материалдык чыгым (транспорттук чыгымдар, экспертизалар, эксперттик кызмат жана башка) жана 100 миң сом моралдык зыян өндүрүү чечимин чыгарды. 

Маалыматка караганда, шектүү 13 жаштагы кыз менен 2022-жылдын апрель айында таанышкан. Ал кызды тоого да алып барып жүргөн. Май-июнь айларынын аралыгында жашы жете элек кыз менен үч жолу жыныстык катнашка барган. Чоң кишилердин жоктугунан пайдаланып, биринчи жолу кыздын үйүндө жыныстык катнашка барган. Ал эми 2022-жылдын июль айынын ортосунда шектүү кызды белгисиз тарапка алып кеткен. Кыздын жакындары милицияга кайрылышкан. Укук коргоо кызматкерлери аларды төрт күндөн кийин Бишкектен чогуу табышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү кыздын 13 жашта болгонун билбегенин айткан. Адвокат белгилегендей, соттолуучу акыркы учурга чейин кылган ишин мойнуна алган эмес. Ага карабастан, сот ага эң аз жазаны берген.