Токтогулда 13 жаштагы кызды зордуктаганга шектүүнүн 8 жылга эркинен ажыратылышы. Шектүү тарап эмне дейт?

22-мартта Токтогул райондук соту тарабынан Токтогул шаарынын 26 жаштагы тургуну 13 жашар кызды азгырганы үчүн 8 жылга эркинен ажыратылганРайондук сот шектүүнү Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (он алты жашка чыга элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Сот ошондой эле соттолгондон 184 миң 500 сом материалдык чыгым (транспорттук чыгымдар, экспертизалар, эксперттик кызмат жана башка) жана 100 миң сом моралдык зыян өндүрүү чечимин чыгарды. 

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги шектүү тараптын да оюн укту. Шектүүнүн адвокатынын айтымында, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы кыздын кыздык белгиси жок экенин, бирок кайсы учурда алынганын аныктоого мүмкүн болбогонун чыгарган. «Экинчи бөлүгүндө кыздын денесинде эч кандай зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Кыз сотто ага күч колдонгонун айткан. Экспертизанын жыйынтыгы чыккан кагазда атайын таржымал деген жери болот. Ал жерде кыздын 2021-жылдан бери жыныстык катнашта болуп жүргөнү жазылган, шектүү менен 2022-жылы болду деп жатат. Ошондой эле кыз июль айында тергөөчүгө көрсөтмө берип жатып, экөөнүн ортосунда эч кандай жыныстык катнаш болбогонун айткан», — деди жактоочу.

Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук сотуна аппеляциялык арыз менен кайрыларын билдирди.