Токтогулда алдамчылыкка шектүү катары 24 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
20-ноябрь күнү милицияга Токтогул районунун 14 тургуну арыз менен кайрылган. Анда 15-август күнү Токтогул шаарынын убактылуу жашоочусу алардын ишеничине кирип, аларды ар кайсыл банктан кредит алдыртып, алган суммасынын 10 пайызын «мен банктан процентин кыскартып берем» деп алдап кеткен. Натыйжада, 14 жаран жалпы сумма 2 миллион 169 миң 200 сомдук чыгым тартышкан. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
21-ноябрь күнү милиция кызматкерлеринин ыкчам иш аракеттеринин негизинде 2000-жылы туулган Ноокен районунун тургуну кармалып, Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми 22-ноябрь күнү Токтогул райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы тандалып алынып, камакка алынды.