Токтогулда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 19-августта саат 17:55те өлкө аймагында MSK-64 шкаласы менен очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Торкен, Кара-Жыгач айылдарында 3 баллга (Торкен айылынан 7 чакырым түштүк чыгышта, Кара-Жыгач айылынан 8 чакырым түндүк батышта) чейин сезилген. Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.