Токтогулда 3 килограмм гашиш сатып жаткан жеринен 2 жигит кармалды (видео)

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында 2 жаран ири өлчөмдө баңгизатын мыйзамсыз ташуу жана сатуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бул маалыматтын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Узак мөөнөттүү иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, 9-августта ИИМдин кызматкерлери атайын багыттагы отрядынын жардамы менен Токтогул районунун Үч-Терек айылынын аймагында 1998-жылы туулган 2 жаран гашиш баңгизатын сатууга аракет кылып жаткан учурда кармалышкан.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат «гашиш» баңгизаты деп табылган. Анын салмагы 3 килограммдан ашкан. Кармалган жарандар №21 мекемесине камакка алынган.