Токтогулда 5 айдан бери мал уурдап жүргөн жигиттер колго түштү (видео)

Токтогул милициясы мал уурулук менен алектенген топту кылмыш жасоо учурунда кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

19-март күнү Токтогул районунун 37 жаштагы тургуну Токтогул РИИБге арыздары менен кайрылып, 9-мартка караган түнү Кызыл-Туу айылында үйүнүн короосундагы сарайдын ичинен базар баасы 100 миң сомдук бир баш уюн уурдап кетишкендигин билдирип арыз жазган. Аталган факты боюнча мал уурулук беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш ишинин алкагында, Токтогул милициясынын жүргүзгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Токтогул районунун бир нече тургунунун кылмыштуу аракеттери байкалып, алар такталып, шектүүлөрдүн изине түшкөн.

5-апрелге караган түнү Токтогул районунун тургунунун сарайынан 2 баш уйду алып чыгып, уурдап бара жатышкан жеринен милиция тарабынан кылмыш иизи сууй электе кылмышка шектүү катары 2002, 2003 жана 2004-жылы туулган жигиттер колго түшүрүлгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмыштуу топтун Токтогул районун аймагында 2023-жылдын ноябрь айынан 2024-жылдын апрель айына чейинки аралыкта РИИБге катталган дагы бир нече кылмыш жасагандыгы, тактап айтканда жалпысынан беш баш уй жана төрт баш арашан багытындагы койлорду уурдашып, жыйынтыгында жарандардарга 450 миң сом зыян келтиргендиги аныкталган.

Жогорудагы кылмыш иштери боюнча аталган шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Токтогул райондук соту тарабынан каралып, 2 айга камакка алуу түрү тандалган. Тергөө уланууда.