Токтогулда адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

2-июнь күнү саат 11:00 чамасында милицияга Токтогул шаарынын көчөлөрүнүн биринде жашы 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгын кабарланган. Бул маалымат Токтогул РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, алдын ала териштирүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге Токтогул РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу, райондук прокуратурасынын жетекчилиги биргеликте барып, тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүү учурунда, Токтогул шаарынын көчөлөрүнүн биринде жыгач кашаа менен короолонгон жер аянтында Токтогул районунун 1979-жылы туулган Р.С. аттуу тургуну бет тарабында жаракаттары бар абалда, жансыз денеси табылган. Бул окуя боюнча топтолгон материал Токтогул РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден солукка оор залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Каза болгон жарандын өлүмүнүн келип чыгуу себептерин аныктоо максатында, кошумча соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Аталган кылмыштын бетин ачуу максатында Токтогул РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Токтогул районунун 1977-жылы туулган тургуну Э.у.Н. кармалып, эки айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.