Токтогулда атына мүшөк артып бара жаткан жигит кармалды. Капта 10 килограмм баңгизат болгон

Токтогулда 2 кап баӊгизатты атына артып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-сентябрга караган түнү саат 01:20 чамасында Токтогул районунун аймагында ат минип келе жаткан 25 жаштагы тургун Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан текшерилген. Текшерүү учурунда анын атына артып келе жаткан 2 капка салынган салмагы 10 килограмм 345 граммды түзгөн, өзгөчө кескин жыты бар баӊгизатына окшогон зат алынган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.