Токтогулда дааратканага ташталган ымыркайдын энесине сот өкүмү чыкты

Кечээ, 4-ноябрда Токтогул райондук соту дааратканага ташталган ымыркайдын энесине өкүм чыгарды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган райондук соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, айыпталуучу Жазык кодексинин 39-133-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркинен ажыратылган. «Жазык кодексинин 83-беренесинин негизинде 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонуу менен жаза өтөөдөн бошотулган», — деп айтылат маалыматта.

7-август күнү Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну Токтогул шаарына барган. Анын курбусу Токтогулда жашагандыктан 10-август күнү бир күн түнөө үчүн курбусуна барган. Ошол күнү төрөп, ымыркайды дааратканага таштап салган. Ымыркайдын энеси милицияга сурак берген. Ал өз көрсөтмөсүндө ымыркайдын атасы тууралуу сураган учурда, окуя Бишкек шаарында сырттан тааныш жигит тарабынан зордуктоо болуп, натыйжада боюнда болуп калгандыгын айткан.