Токтогулда гашиш сатуу менен алектенген жаран колго түштү

Токтогулда шектүү 4-ирет баңгизат сатып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

22-февраль күнү милиция кызматкери тарабынан Токтогул районунда жаран баңгизатын сатып жана сактап жүргөндүгү боюнча маалымат алып, 282-берененин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, кылмыштын бетин ачуу боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган. 1-апрель күнү аталган кылмыш иши боюнча шарттуу сатып алуучу Токтогул районунун аймагынан «Токо» аттуу жарандан алгач 2000 сомго 77 грамм, андан кийин 3-апрель күнү 3000 сомго 80 грамм, 7-апрель күнү ошол эле “Токо” аттуу жаран 21 миң сомго 180 грамм гашиш саткан жана алынган баңгизаттар тергөөгө өткөрүп берилген. 14-апрель күнү Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында “Токо” аттуу жаран төртүнчү ирет 40 миң сомго 2 килограмм 200 грамм гашиш сатып жаткан жеринен кармалган. Шектүү 2 айга камакка алынды.