Токтогулда кишини өлтүрө сүзүп, унаасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды

Токтогулда кишини өлтүрө сүзүп, автоунаасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды. Милицияга 20-январь күнү саат 07:40 чамасында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 273-чакырымында, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагындагы жол жээкте болжол менен 60 жаш курактагы эркек кишини автоунаа сүзүп, жансыз денеси жатканы боюнча маалымат келип түшкөн.

Бул окуя Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун ички иштер бөлүмү тарабынан каттого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, тиешелүү материалдар чогултулган. Текшерүү учурунда автоунаанын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткени аныкталган.

Жалал-Абад ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан автоунаа менен жаранды сүзүп, качып бараткан Баткен облусунун Лейлек районунун 1997-ж.т. тургуну Г.И. Төө-Ашуудан автоунааны эвакуаторго жүктөп бараткан жеринен кармалып, Токтогул РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.