Токтогулда бир катар социалдык объектилер жана жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

УКМК Жалал-Абад облусундагы бир катар социалдык объектилерди жана жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктады.

Жалпы аянты 1,3 гектар болгон «Токтогул» автобекети мамлекеттин балансына өткөрүп берилди, ал 2009-жылы мыйзам бузуу менен жеке адамга төмөндөтүлгөн баа менен сатылган. Автобекеттин базар баасы 63 817 000 миллион сомго бааланууда. Мындан тышкары Торкен айылында жайгашкан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 2342,8 м2 соода комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул комплекстин базар баасы 4 155 000 сомду түзөт. Токтогул шаарынын мэриясынын балансына Токтогул шаарынын А.Козубеков атындагы паркынын аймагында жайгашкан 1,49 гектар жер тилкеси менен жайкы кинотеатр өткөрүлүп берилди, анын базар баасы 73 610 455 миллион сомду түзөт. Муну менен катар Токтогул районунун Токтогул шаарынын «Тайбала-Кечүү» тилкесинде жайгашкан 2 гектар көп жылдык көчөттөрү бар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Жер тилкесинин базар баасы 7 миллион сомду түзөт.

Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштер улантылууда.