Токтогулдагы жол кырсыктан 5 адам жаракат алды

Ош-Бишкек автоунаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунун 286-чакырымында Honda Logo жеңил унаасы менен VOLVO оор жүк ташуучу унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 5 адам ар кандай жаракат алган. Алардын бирөө аял, төртөө эркек киши. Алардын арасында 10 жаштагы өспүрүм да бар. Кырсык катталган жерге ӨКМдин Токтогул райондук №97 өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылган.