«Толготуп жаткан аял таш ыргытып…» Бишкекте Тез жардам кызматынын айдоочусу сабалды

Бишкекте Тез жардам кызматынын айдоочусу сабалды. Бул тууралуу журналисттерге борбордун башкы дарыгеринин орун басары Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, окуя 9-октябрда саат 14:25 чамасында болгон. Анда кызматка чалуу түшүп, 42 жаштагы аялдын бешинчи баласын көз жарып жатканы айтылган. «Чакырык жалгыз бош бригадага тапшырылган. Алар болжол менен жарым сааттан кийин барышкан. Күйөөсү сөгүнүп, алар көп убакытта барганын айтып, айдоочуну сабай баштаган. Кызматкерлер жолдун узактыгынан ошончо убакыт кеткенин түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Бирок ал уккан эмес. Ал эми толготуп жаткан аял таш ыргыта баштаган», — деди ал. 

Егор Борисов кошумчалагандай, окуяга карабастан бригада аялды төрөт үйүнө алып барууну сунуштаган. Бирок алар баш тартышып, жакын жердеги таксиге отуруп, кетишкен. «Айдоочу азыр Улуттук госпиталда дарыланууда. Биз милицияга арыз жаздык», — деди ал.