«Толтура акча берем деген». Сокулукта секелекти кошунасы зордуктоого аракет кылды

Чүйдүн Сокулук районунда 9 жашар өспүрүм кызды кошунасы зордуктоого аракет жасаган. Бул окуя боюнча шектүү жаранды райондук сот 8 жылга эркинен ажыраткан. Учурда арыздын негизинде иш облустук сотко өткөн. SUPERTV’га өспүрүм кыз апасы менен келип, акыйкаттык издеп жатышканын билдиришти.

«Мен 3 баланын апасымын. Эки кызым, бир уулум бар. Окуя апрель айында болгон. Улуу кызым ушундай окуяга туш болуп отурат. 12-апрель күнү жолдошум экөөбүз жумуштарыбыз менен кеткенбиз. Кичүү кызым менен баламды атама таштаганбыз. Улуу кызымдын сабагы 12:30да башталат. Сабакка бара бер деп 11:30дарда кеткенбиз. 15:30дарда келе жатсак, колун булгалап алдыбыздан чыкты. Кызымдын көзү кызарып калыптыр. Бизге бет маңдай жашаган кошунабыз унаанын жанында жолдошум менен туруптур. «Мама, сүйлөшпөй эле коюңузчу» деди. «Мама мени оозуман өптү, сорду. Колун салганда ооруп кетти» деди мага. Жолдошум экөөбүз эшикке чыгып эле, милицияга чалдык. Милицияга арыз жаздык», — деди ал.

Кызы тергөөчү аялга окуяны мындайча айтып бергенин билдирди. «Гаражга 20 сом берем деп чакырды. 20 сом берем оозуңдан бир өөп алайын дептир. Колун салганда кыйкырып жибериптир. «Толтура акча алып келип берем деп гараждан чыгып кетиптир», — деди апасы.

Жогорку Соттон иш боюнча төмөндөгүдөй маалымат беришти. «19-июнда Сокулук райондук сотунун өкүмү менен айыпталуучу 158-берене боюнча күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылган. Иш боюнча аппеляциялык арыз жазылып, Чүй облустук сотунда каралат. Биринчи отурум 19-августка белгиленген», — дешти.