Төмөнкү Ала-Арчада 26 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү. Шектүү көз жарганына байланыштуу соттук отурум жылдырылды

Төмөнкү Ала-Арчада 26 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү боюнча кезектеги соттук отурум жылдырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү аял киши жакында эле төрөгөн.

2020-жылдын 26-сентябрында Айгерим аттуу 26 жаштагы кызды Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылында жайгашкан өз үйүндө өлтүрүп кетишкен. Эки белгисиз жаран кызга жана анын атасына бычак сайган. Кыз алган жаракатынан көз жумган. Бул окуя коомчулукта резонанс жараткан эле.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, 14-октябрда кылмышка шектелип 3 жаран кармалган. Алардын арасында 31 жаштагы аял киши болгон. Андан тышкары анын 28 жаштагы айдоочусу жана 31 жаштагы эркек киши болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя кызганычтан болгон. Кийинчерээк 31 жаштагы аял кишиге карата өлтүрүлгөн кыздын ата-энеси тосмо арыз берген. Шектүү бошотулган болчу.