Төмөнкү Ала-Арчадагы үйдөн 1,2 миллион сом жана алтын буюмдар уурдалды. Шектүүлөр колго түштү

Төмөнкү Ала-Арча айылынын тургунунун үйүнөн 1,2 миллион сом жана алтын буюмдар уурдалган. Кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

20-декабрда жаран милицияга кайрылып, анын Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйүнө белгисиз адамдар кирип, сейфти ачып, 1 миллион 200 миң сом жана 300 миң сомдук алтын буюмдарын, ACER үлгүсүндөгү ноутбугун алып кетишкенин айткан. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1 миллион 500 миң сомдон ашкан. Милиция бөлүмүнө шектүү катары 29, 27 жана 22 жаштагы жарандар жеткирилген. Алардын үйүнөн буюм далилдери алынган. Жогорудагы адамдар Чүй облусунун Аламүдүн районунда дагы сегиз, Ысык-Көл облусунда үч уурулук фактыларына катыштыгы бар экени белгилүү болду.