Тоң райондук сотунун төрайымы 3 миң доллар талап кылган делип кармалды

Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун төрайымы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалык иштердин жүрүшүндө, 27-сентябрда 3 миң доллар өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Тоң райондук сотунун төрайымын кармады. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында судья аталган каражатты өзүнүн ортомчусу аркылуу алып жаткан жеринен кармалып, жеке тинтүү жүргүзүү учурунда Тоң райондук сотунун төрагасынан 2500 доллар акча каражаты, калган 500 доллары ортомчудан алынган.

28-сентябрда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде судьяга карата айыпталуучу катары Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 17-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды.