Тоң районунда 13 жаштагы секелекти зордуктагандарды актаган судья жоопко тартылат

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 13 жаштагы кызды зордуктады деген үч айыпталуучуну актагандыгы үчүн Тоң райондук сотунун судьясы жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу маалыматты Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Мекеменин айтымында, аталган Тоң райондук сотунун судьясын жоопкерчиликке тартуу үчүн учурда Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына сунуш берилди. Азыркы учурда сунуш кароо стадиясында турат.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Шаар айылында 2005-жылы туулган өспүрүм кызды аталган айылдын үч тургуну (экөөсү 28, бири 41 жашта) зордукташты деп, зордуктоо фактысы боюнча тергөө органдары Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш ишин козгоп кармашкан. Бирок 2020-жылдын декабрь айында Тоң райондук соту айыпталуучулардын экөөсүн актап, сот залынан бошоткон. Ал эми үчүнчү айыпталуучуга карата 7 жыл 6 айга эркинен ажыратуу жөнүндө өкүм чыгарган.

Кийинчерээк судьянын мындай секелек кызды зордуктагандарга карата чечими коомчулукта кызуу талкууга алынып, резонанс жараткан. Жалпыга маалымдоо каражаттары кыздын ата-энесинен интервью алып, окуядан жабыр тарткан кыз шагы сынып, моралдык жактан катуу жабыр тартып кризистик борборго жаткырылганын айтып чыгышкандан кийин бул окуя тийиштүү тараптарга жетип, кайра териштириле баштаган.

Мындан улам кечээ жакында кайра сот өкүмү чыгып, секелек кызды зордуктаган, буга чейин 7,5 жылга эркинен ажыратылган айыпталуучунун бирин Ысык-Көл облустук соту тарабынан эми 20 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле бул иш боюнча дагы эки айыпталуучу« Зордуктоо »беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды.