Тоң районунда 13 жаштагы секелектин зордукталышы боюнча айыптуу үч адамдын жазалары күчөтүлдү

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 13 жаштагы кызды зордуктады деген айыпталуучуга карата өкүм күчөтүлдү. Бул тууралуу «Победа» коллегиясынын юристи Айнура Асанова билдирди.

Юристтин айтымында, секелек кызды зордуктаган, буга чейин 7,5 жылга эркинен ажыратылган айыпталуучунун бирин Ысык-Көл облустук соту тарабынан эми 20 жылга эркинен ажыратылды. «Бул иштин алкагында дагы эки айыпталуучу «Зордуктоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылышты. Экөө тең сот залында камакка алынды. Экинчи инстанциянын чечими жарыяланган учурдан баштап дароо күчүнө кирет», — деди Айнура Асанова.

Тоң райондук соту 11-декабрда 13 жаштагы кызды зордуктоого шектүү эки кишини актаган. Дагы бирөө бардык далилдер жетиштүү болгонуна карабай жеңил жаза алган. Кийинчерээк кызды жогорудагы үч эркек тең зордуктаганы аныкталган. Ал эми кыздын ата-энеси окуяны кызы кош бойлуу болгондо гана билишкен. Бул окуядан жабыр тарткан кыз моралдык жактан катуу жабыр тартып кризистик борборго жаткырылган.