Тоңдо көлгө чөгүп кеткен 37 жаштагы киши изделүүдө (сүрөт)

Тоңдо көлгө чөгүп кеткен эркек киши изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалымат боюнча, кечээ, 24-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылында Кош-Каракөл көлмөсүнө 1987-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу, 2 суучул тартылган. Бирок натыйжа болгон жок. Бүгүн, 25-июнда издөө иштери улантылууда.