Социалдык тармактын колдонуучулары Тоңдогу төрөтканада кош бойлуу аял каза болгонун жазышты. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ысык-Көл ОИИБге кайрылганыбызда, маалыматты тастыкташты.
«21-январь күнү Тоң РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө саат 03:45 чамасында Тоң райондук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнөн чалуу түшүп, төрөт бөлүмүнө келген аял каза болгондугун билдиришкен.
Маалымат Тоң РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Териштирүү иштеринин алкагында, 21-январга караган түнү саат 23:00 чамасында кош бойлуулуктун 40-жумасында Тоң районунун 1979-жылы туулган тургуну ичи ооруп, Тоң райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүнө кайрылган. Ал текшерилип, көзөмөл бөлмөсүнө жаткырылган. 21-январга караган түнү саат 02:00 чамасында аял дааратканага барып, чыгып келе жатып, өзүн жаман сезип, кан басымы түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кыска убакыттын ичинде аялдын көз жумганы аныкталган. Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда», — деп айтылат маалыматта.